Жаңылыктар
Сүймөнкул Чокморовго арналган элдик марафон өттү
Спорт
Сүймөнкул Чокморовго арналган элдик марафон өттү

Борбор калаада СССРдин эл артисти, сүрөтчү жана актёр Сүймөнкул Чокморовго арналган элдик марафон болду. Ал “Сейтек” Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда өттү. Аталган иш-чара Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Чокморовдун эстелигин жаңысына алмаштырууга багытталды. 

Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонд эстелик ноябрь айынын аягына чейин орнотуларын билдиришти. Кошумчалай кетсек, буга чейин тургузулган постамент 2017-жылы коюлган, бирок шаар тургундары актёрдун элеси өзүнө окшобой калгандыгына нааразы болушкан.