Жаңылыктар
Лос-Анжелес шаарында Азия кинофестивалы аяктады
Маданият
Лос-Анжелес шаарында Азия кинофестивалы аяктады

Лос-Анжелес шаарында бешинчи эл аралык Азия кинофестивалынын жабылыш аземи өттү. Анын алкагында Жапониянын катышуучулары чай даярдоо ырым-жырымын уюштуруп, салтанаттын катышуучулары менен конокторду сыйлашты. Фестиваль Жогорку Кеңештин депутаты, режиссер Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген. Анда «Даңазалуу доор» сериалында Хюрремдин ролун аткарган түркиялык актриса Мерьем Узерли калыстардын төрайымы болду. 

Иш-чаранын ачылышына АКШда жашаган кыргыздар, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев жана голливуд жылдыздары катышкан. Фестивалда 50 өлкөдөн келген тасмалар көрсөтүлдү. Ал эми Кыргызстандан режиссёр Бекзат Пирматовдун «Аврора» жана Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы тартууланды. Ошондой эле, Садык Шер-Нияздын «Курманжан датка» тарыхый тасмасы дагы көрсөтүлдү.