Жаңылыктар
Жээнбеков: Сүймөнкул Чокморов адам өмүрүнө сыйбай турган эмгек калтырды
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков: Сүймөнкул Чокморов адам өмүрүнө сыйбай турган эмгек калтырды

Президент Сооронбай Жээнбеков залкар сүрөтчү жана актёр Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы Чокморовдун жашоосу кыска болсо да, мекен үчүн өтө чоң, бир адамдын өмүрүнө сыйбай турган эмгек калтырганын айтты. 

“Кыргыз киносунун кереметин, кыргыз сүрөт өнөрүнүн ийгиликтерин Сүймөнкул Чокморовдун тагдырынан бөлүп кароого болбойт. Сүймөнкул агабыздын анча айтылбай келген инсандык асыл касиеттерин бүгүнкү эскерүү күнү өзгөчө белгилеп кетүү орундуу болот деп ойлойм”, - деди президент. 

Өлкө башчысы Чокморовдун эмгектери Кыргызстандын гана эмес, дүйнө көрүүчүлөрүнүн купулуна толуп, «Эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн» деген сыйлыкты эл аралык аренада 5 жолу жеңип алган жалгыз актёр болгонун өзгөчө баса белгиледи.