Жаңылыктар
Бишкекте балет искусствосунун эл аралык фестивалы башталды
Маданият
Бишкекте балет искусствосунун эл аралык фестивалы башталды

Кыргыз Республикасынын эл артисти, балет жылдызы Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгын утурлай борбор калаадагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында "Балет, балет…" аталышындагы балет искусствосунун эл аралык фестивалы старт алды. 17-ноябрга чейин театр сахнасында "Чолпон", "Жизель", "Ак куулар көлү" сыяктуу спектаклдер коюлат.

"Балет, балет…" фестивалы быйыл алтынчы ирет өткөрүлүп жатат. Анын ачылышында Михаил Раухвергердин кайталангыс чыгармасы, кыргыз операсынын тумары, классикасы аталган “Чолпон” балети коюлду.

Фестивалга Россия, Казакстан жана Кыргызстандын балет өнөрүнүн өкүлдөрү катышып, "Чолпон", "Жизель", "Ак куулар көлү" сыяктуу спектаклдерди коюшат. Балет өнөрүнүн кайталангыс таланты Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына карата өкмөт бир жылдык план түзгөн.

Чолпонбек Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген. Базарбаевдин репертуарындагы «Шопениана», «Жизель», «Ак куулар көлү», «Уйкудагы сулуу» классикалык балеттери мыкты чеберчиликте аткарылган.

Эл артистинин 70 жылдык мааракеси Кыргызстанда эле эмес эл аралык деңгээлде белгиленип, жыл аягына чейин Түркияда, Казакстанда, Россияда иш-чаралар уюштурулары айтылууда. Ал эми "Балет, балет…" эл аралык фестивалы 17-ноябрга чейин болот. Балет сүйүүчүлөрү үчүн Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын эшиги ачык.