Жаңылыктар
Бүгүн айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы
Айыл чарба
Бүгүн айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Бүгүн айыл чарба кызматкерлеринин күнү. Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин күнү менен президент Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев куттукташты. 

Мамлекет башчы айыл чарба тармагы калктын басымдуу көпчүлүгүн жумуш менен камсыздап, жашоо деңгээлин жогорулатып, экономикага олуттуу салым кошуп жатканын баса белгиледи. 

«Сиздер менен чогуу жасаган аракеттердин натыйжасы менен элет жерин өнүктүрүү багытында жакшы көрсөткүчтөр камсыз кылынды. Сиздерге терең ыраазылык билдирем! Мындан ары дагы жаңы жеңиштерди жаратасыңар деп ишенем. Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, ийгиликтерди каалайм!», - деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Ал эми өкмөт башчы табигый-климаттык татаал шарттарга, ресурстардын жетишсиздигине карабастан, бул тармакты аркалаган адистер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого чоң салым кошуп жатканына токтолду. Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, мамлекеттик колдоо жана эл аралык финансы институттары аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча бир нече ири долбоор жүзөгө ашырылып жатат. Бул, албетте, айыл калкынын жашоо сапатын жакшыртууга шарт түзөт.