Жаңылыктар
Бишкекте заманбап изилдөө жана билим берүү борбору ачылды
Билим
Бишкекте заманбап изилдөө жана билим берүү борбору ачылды

Бишкекте заманбап “Мейкер Спейс” аттуу изилдөө жана билим берүү борбору ачылды. Анда балдар үчүн робототехника, IT дизайн сабактары өтүлөт. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен ачылган бул борбордо окутуу акысыз. Сабактарды "Илим жана техника" программасынын бүтүрүүчүлөрү өтүп, тажрыйбасы менен бөлүшөт. Борбор Касымалы Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасында жайгашкан.

"Негизги максатыбыз - балдар бош убактысында шахмат менен ойноп, негизи эле пайдалуу сабактар өтүлөт. АКШнын кыргызстандагы элчилиги тарабынан колдоо көрсөтүлүп, бул борбор ачылды. Китепчелер да берилди. Алар бардыгы бекер болот",- деди "Maker Space" изилдөө борборунун координатору Айдай Сабырова.