Жаңылыктар
ИИМ: тергөөчү пара менен кармалды
Коррупция
ИИМ: тергөөчү пара менен кармалды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди. 12-ноябрда Ички иштер министрлигине жаран кайрылып, аталган мекеменин кызматкери ага карата сотко чейинки өндүрүшкө алынган ишти чечип берүү үчүн 20 миң сом талап кылып жатканын айткан. 

Натыйжада, шаардагы тамактануучу жайлардын биринен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кенже лейтенанты 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине "Пара талап кылуу" беренеси боюнча катталды.