Жаңылыктар
Жээнбеков: Сүймөнкул Чокморов адам өмүрүнө сыйбай турган эмгек калтырды
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков: Сүймөнкул Чокморов адам өмүрүнө сыйбай турган эмгек калтырды

Сүймөнкул Чокморов сүрөтчүлүгү жана киноактёрлугу менен кыргыз искусствосун гана эмес кыргызды дүйнөлүк коомчулукка тааныткан кайталангыс талант. Чокморовдун эмгектери Кыргызстандын гана эмес, дүйнө көрүүчүлөрүнүн купулуна толуп, «Эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн» деген сыйлыкты эл аралык аренада 5 жолу жеңип алган жалгыз актер. 

Кыргыз киносунун жарык жылдызы, таланттуу сүрөтчү, СССРдин жана Кыргыз ССРинин Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. 

Ага Президент Сооронбай Жээнбеков катышып, өлкө башчысы Чокморовдун жашоосу кыска болсо да, мекен үчүн өтө чоң, бир адамдын өмүрүнө сыйбай турган эмгек калтырганын айтты.