Жаңылыктар
Тоң районундагы прокуратура кызматкерлерине турак жай берилди
Аймак
Тоң районундагы прокуратура кызматкерлерине турак жай берилди

Тоң районундагы прокуратура кызматкерлерине төрт ведомстволук турак жай берилди. Буга Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фондунан жана республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн. Облустук прокуратурадан билдиришкендей, Ысык-Көл облусунда акыркы отуз жылда прокуратура кызматкерлерине биринчи жолу ведомстволук үй курулуп, кызматкерлерге тапшырылды. 

Ал эми облус аймагында иштеп жаткан прокуратура кызматкерлеринин жетимиш, сексен пайызын башка аймактардан келип иштеген кызматкерлер түзөт. Мындан улам турак жай маселеси прокуратура кызматкерлери үчүн кыйынчылык жаратып келген.