Жаңылыктар
Кышка даярдык кызуу жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кышка даярдык кызуу жүрүүдө

Жергебиздеги социалдык объектилер менен турак жайларга жылуулук берилди. Негизи эле кыштын камын жайда көр дегендей өлкөнүн калкын, мекемелерди жана социалдык объектилерди кышкысын электр жарыгы, жылуулук жана ысык суу менен камсыздаган ишканалар даярдыкты эртелеп көрдү. 

Адистердин белгилөөсүндө жарыкты маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт, көмүр жетиштүү камсыз болуп, кыштап чыгууга жетиштүү. Миллионго жакын калкты жылуулук жана жарык менен камсыздаган Бишкек жылуулук берүү борборунда азыр 200 миң тоннага жакын көмүр жана мазут даярдалды. Кампага дагы көмүр түшүрүлүп жатат.