Жаңылыктар
Кыргыз өкмөтү бюджеттин көлөмүн 12,7 пайызга өстүрүүнү мерчемдеди
Экономика
Кыргыз өкмөтү бюджеттин көлөмүн 12,7 пайызга өстүрүүнү мерчемдеди

Өтүп бараткан жумада Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз өкмөтүнүн өткөн жылдын бюджетинин аткарылышы жана келээрки жылдын бюджети боюнча маалыматын угушту. Премьер-министрдин айтымында жаңыртылган макроэкономикалык божомолдун негизинде 2019-жылдын бюджетине өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Ага ылайык бюджеттин киреше бөлүгү 155,3 млрд. сомдун тегерегинде болжолдонуп, бул бекитилген бюджеттен 3,6 млрд. сомго көптүк кылат. 

Эгерде салыштырып карасак бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 19 млрд. сомго көп. Чыгашалар 165,3 млрд. сомдун тегерегинде эсептелип чыккан экен. Ал эми бюджеттин тартыштыгы 9,9 млрд. сомдун тегерегинде аныкталды. Мухамедкалый Абылгазиевдин айтымында бул көрсөткүчтү жыл аягына чейин дагы төмөндөтүү боюнча иштер жүрөт. Кыргыз өкмөтүнүн божомолунда жакынкы келечекте республикалык бюджеттин көлөмүн 12,7 пайызга өстүрүү милдети турат.