Жаңылыктар
С.Чокморовдун 80 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленди
Маданият
С.Чокморовдун 80 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленди

Кезегинде дипломатиянын кышын кынаган, кыргыз Эл жазуучусу Чынгыз Айтматов да элчилик милдетин татыктуу өтөп кеткен. Улуу калемгерибизди эстеп жатканыбыз бекеринен эмес, анткени бүгүн кесиптик мааракесин белгилеп жатышкан кыргыз кино тармагынын өнүгүшүндө мына ушул инсандын салымы чоң болгон. 

Анын чыгармаларынын дээрлик көпчүлүк бөлүгү экрандаштырылып, кино дүйнөсүндө Кыргыз кереметинин пайда болушуна чоң өбөлгө түзгөн. Албетте бул керемет кино дүйнөсүн Сүймөнкул Чокморовдун аткаруусуз элестете албайбыз. Чыңгыз Айтматов бүгүн 80 жылдыгын белгилеп жаткан Сүймөнкул Чокморовду кош талант катары мүнөздөп, сүрөткерликтен тышкары кыргыз киносунда гана эмес дүйнөлүк маданиятта да орду чоң талант катары баалаган.