Жаңылыктар
Жашыл экономика - дүйнө тандаган багыт
Экономика
Жашыл экономика - дүйнө тандаган багыт

Кыргызстан бир канча жылдан бери "Жашыл экономикага" өтүү багытын алдыга коюп келет. Экономикада экологиялык жактан сапаттуу продукцияларды өндүрүү, калктын керектөөсүн камсыздоо бул багыттын ажырагыс бөлүгү. Эгерде расмий статистикага таянсак ички дүң продукциянын 13 пайызы мамлекеттик сатып алууларга жумшалат. 

Мында башкы максат сатылып алынган товардын баасына эмес, анын экологиялык жактан таза сапатына көңүл бурууда турат. Мамлекет бул багытта “Жашыл экономика” программасынын алкагында мамлекеттик мекемелерге сатып алууларды жүргүзүүдө чыгымдарды азайтуу жана калкты сапаттуу продукциялар менен камсыз кылуу чараларын көрүүдө.