Жаңылыктар
Өлкөдө кыргыз киносунун күнү белгиленди
Маданият
Өлкөдө кыргыз киносунун күнү белгиленди

17-ноябрь кыргыз киносунун күнү жана кинематографисттердин кесиптик майрамы. Бул дата 1994-жылы өкмөттүн токтому менен кабыл алынган. Кыргыз киносунун күнү 17-ноябрда белгиленип калышынын өзүнчө тарыхы бар. Себеби, 1941-жылы дал ушул күнү кыргыз ССРинин эл комиссарлар кеңеши тарабынан “Фрунзеде кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарылган. Бирок кыргыз киносунун тарыхы 1920-жылдары эле башталган. 

Ал кезде өлкөдө маданий жана документалдык сюжеттер тартылган. “Крытый фургон” аттуу биринчи толук метраждуу тасма режиссер Фрелихтин эмгеги болгон. Ал эми биринчи түстүү көркөм фильм “Салтанат” деп аталып, «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын базасында "Мосфильм" киностудиясынын режиссёру Пронин тарабынан тартылган. 60-70 жылдары кыргыз киносу гүлдөп, жаралган эмгектер “кыргыз керемети” катары таанылган.

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн кинематографисттерин кесиптик майрамы - Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Өкмөт башчы бүгүнкү күндө, кинематография жана жалпы киноиндустрия Кыргызстанда динамикалык өнүгүү жолунда келе жатканын айтты.

Ошондой эле, Улуттук тасмаларды жүгүртүүнүн көлөмү жылдан-жылга өсүп, республиканын калкынын кинотеатрларга баруусунун саны көбөйүп жатканын белгиледи.

“Кино өнөрү улуттук маданияттын эң маанилүү багыты катары мындан ары да өнүгө беришине ишенебиз жана кыргыз киночуларынан мыкты чыгармалардын жаралышын күтөбүз. Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакты-таалай жана чыгармачылык жаратмандыкты каалайм”.
- деп жазылат өкмөт башчынын куттуктоосунда.