Жаңылыктар
Панфиловчулардын эрдиги эч качан унутулбайт!
Мекендештер
Панфиловчулардын эрдиги эч качан унутулбайт!

Улуу Ата Мекендик согушта Москванын алдындагы оор салгылашта, панфиловчулардын артыкча эрдик көрсөткөндүгүнө 16-ноябрда 78 жыл болду. Панфиловчу жоокерлердин душмандар менен жан аябай согушуп, Москваны коргогон жерде, алардын эрдиги, кайтпаган кайраты эскерилди. 28 баатырды эскерүү иш-чарасы өттү. 

Волокаламск шаарынан түштүк-чыгыш тарапта Дубосеково темир жол разъездинде генерал-майор Панфиловдун 316ы дивизиясынын аткычтары душманга каршы төрт саат бою салгылашкан. Фашисттер так ушул жерден Москвага кирип барууну көздөгөн эле. 28 жоокерден турган бул топту жетекчи Василий Георгиевич Клочков башкарган. Анын салгылаш алдында айткан, «Россия – кең, бирок чегинүүгө жер жок – артыбызда Москва» – деген сөзү борбор шаарды коргоочулар үчүн ураанга айланган.

Мемориалдык комплекс алыстан көрүнүп, 10 метр бийиктиктеги алты улуттан куралган дивизияны элестеткен  6  айкелден турат.

Жоокерлер чабуул коюп келе жаткан фашисттик элүүдөй танктын он сегизин талкалап, калганын чегинүүгө аргасыз кылган. Жыйырма сегиз баатырдын 23ү курман болгон. 316-аткычтар дивизиясынын командири генерал-майор Иван Васильевич Панфилов дагы так ушул салгылашта курман болот.

Айтылуу дивизия 1941-жылы 12-июлда Фрунзе жана Алматы шаарларында уюштурула баштаган. Командирликке Кыргыз ССРинин аскер комиссары, генерал-майор И. В. Панфилов дайындалган. Баатырлардын урпактары алардын эридигин эч убакта унутпайт.

Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун бюсту Волоколамск салгылашында курман болгондорго арналып орнотулган мемориал жайгашкан Баатырлар Аллеясында 2015-жылы 7-майда ачылган. Анын өмүрлүк жары, Социалисттик Эмгектин Баатыры, даңазалуу кызылчачы Керимбүбү Шопокова: “Дүйшөнкүл согушта баатыр болсо, мен эмгек кылышым керек. Менин өстүргөн ар бир кызылчам душмандарга ок болсун”, - деп айткан сөзү бар.

Акыркы убактарда 28 панфиловчунун эрдигинен күмөн санагандар да чыккан. 1997-жылы “Новый мир” журналына “Советтик баатырлар тууралуу чындык” аттуу макала жарыяланган. Ал эми публицист жана тарыхчы Леонид Масловский, батыш либералдарынын совет элинин тарыхындагы мындай эрдикти, жокко чыгарууга болгон аракети экенин баса белгилейт.

СССРдин Улуу Ата Мекендик согушта жеңилери тууралуу, айрым бир теориялык божомолдордо белгиленген. Гитлер өзүнүн күчтүү армиясы менен  Чыгышты карай кыргын салып, жеңерине ишенген. Бирок, 28 панфиловчуларга окшогон баатырлар, душмандын мизин кайтарууда кан-жанын аябай, фашизмди жеңүүдө курч кылычка айлана алды.