Жаңылыктар
Кыргызстандык боксчу Нурадин Рустамбек уулу Азия чемпиону аталды
Спорт
Кыргызстандык боксчу Нурадин Рустамбек уулу Азия чемпиону аталды

Кыргызстандык спортчу Нурадин Рустамбек уулу бокс боюнча жаштар арасында Азия чемпиону аталды. Бул тууралуу аталган спорттун азиялык конфедерациясы билдирди. Турнир Монголиянын Улан-Батор шаарында 10-17-ноябрь күндөрү болүп өттү. Кыргызстандын атынан тогуз спортчу күч сынашты. Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмактык категорияда мелдешти. Чечүүчү беттеште өзбекстандык спортчу Нурислам Исмаиловду жеңди. 

Атамекендик спортчулар Исломбек Тургунов жана Ахмед Усупов жарым финалда утулуп, коло медалдын ээлери болушту. Бул турнир 2019-жылы болуп жаткан төртүнчү Азия биринчилиги. Мындан мурдагы чемпионатта кыргызстандык спортчулар чоңдор арасында эки коло, окуучулар арасында үчтөн күмүш жана коло, ошондой эле өспүрүмдөр арасында эки күмүш жана төрт коло медалды куржунга салышкан.