Жаңылыктар
Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары беттешет
Спорт
Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары беттешет

19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары футбол боюнча беттешет. Мелдеш саат 20:00дө Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Кыргызстандын футбол федерациясынын массалык футбол боюнча менеджери Улукбек Айдарбеков билдиргендей, беттеш 2022-жылы Катар мамлекетинде өтүүчү Дүйнөлүк мелдешке тандап алуу оюндарынын алкагында өтөт. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан курамасы буга чейин Тажикстандын командасына 1:0 менен утулган. Ал эми 14-ноябрда Кыргызстан Япониядан 2:0 эсебинде жеңилген.