"Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашуу ратификацияланды. Президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Маалымат катары айта кетсек, "Борбордук Азиядагы региондук жол катнаштарын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы" долбоору Түп — "Каркыра" көзөмөл өткөрмө пункту авто жолунун тилкесинин 39 –76-чакырымдарын, "Каркыра" капчыгайындагы туристтик лагерге алып баруучу 15 чакырым жолду реабилитациялоону, жол-эксплуатациялоо жабдууларын сатып алууну, Жарандык авиация агенттигинин учууларынын коопсуздугун көзөмөлдөө жаатындагы дараметин жогорулатууну, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун дараметин чыңдоону камтыйт. Ошондой эле беш туристтик сервис-борборду куруу жана Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн колдоо көрсөтүү боюнча компонент каралган.
Аталган долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн 55 млн. доллар сарпталат. Макулдашууга ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 27,5 млн. доллар насыя, ошондой эле 27,5 млн. долларга грант берүү аркылуу колдоо көрсөтүлөт.