Жаңылыктар
Ара жолдо калган Өзгөн архелогиялык - архитектуралык музейи
Кыргызстан жаңылыктары
Ара жолдо калган Өзгөн архелогиялык - архитектуралык музейи

Өзгөн шаары XI-XII-кылымдарда жетишкен тарыхый мураска андан мурдагы жана андан кийинки доорлордо да жетише алган жок. Бүгүнкү күнү ал жердеги архелогиялык -архитектуралык музей комплекси калыбына келтирүүгө муктаж болуп турат. 

XI-XII- кылымда Караханийлер мамлекетинин борбору болуп турган бул шаардын баалуу мурасын сактап калуу боюнча маданият министрлигине бир нече жылдан бери бир топ каттар жөнөтүлгөн бирок, бир да жолу жооп келген эмес. 

Өзгөн шаарында Караханийлердин доорунан калган эстелик - ушул мунара.XII-кылымдын башында курулуп бүткөн бул мунаранын бийиктиги учурунда 40 метрден ашык болгон. XIX-кылымга чейин келип, жер титирөөдөн улам үстүңкү катмары көчүп түшкөн.1923-жылы кайра калыбына келтирилген. Бүгүнкү күнү мунаранын бийиктиги 27 метрди түзөт.


Мындан тышкары комплексте үч күмбөз бар. Алар да 150-170-жылдар арасында ар бири өзүнчө курулган. Изилдөө иштеринин жыйынтыгында күмбөздөргө караханийлер династиясынын сөөктөрү коюлганы аныкталган.

Мындай тарыхый жайларды көрүүгө кызыккандардын саны көп. Жылына 500дөн ашуун чет өлкөлүк турист келип, тарыхый жай менен таанышып кетишет.

Тарых жана маданият жылына карата жергиликтүү коноктор да көп келе баштаган. Кара-Суу районун келген мектеп жамааты, окуучуларды өткөн тарых менен тааныштырууну эп көрүшкөн.

Музей комплектин кызматкерлери өз алдынча суу өткөн жерлерин жамайлы десе, бир дагы кышын жылдырууга укуктары жок. Ага да маданият министрлигинен уруксат керек. Кат артынан кат жөнөткөн менен министрлик жолдонгон каттардын бирине дагы жооп бербептир.

Ара жолдо калган Өзгөн архелогиялык -архитектуралык музей комплексин Юнесконун баалуу мурастарынын катарына киргизүү аракети 2 жылдан бери уланууда.