Жаңылыктар
Өкмөт унааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактоону суранат
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт унааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактоону суранат

Өкмөт унааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактоону суранат

19-ноябрда Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында кыргыз өкмөтү үчүнчү өлкөдөн кирген унааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранат. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, маселе ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин катышуусу менен чечилет. 

Эске салсак, Мамлекеттик бажы кызматы 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБге кирген мамлекеттерден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келинген унаалардын бажы төлөмү кымбаттай турганын билдирген. 

Буга чейин 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү “Toyota Camry” унаасынын бажы төлөмү 1 миң 250 доллар болсо, 2020-жылдан баштап ушундай эле унаанын бажы төлөмү 13 миң 600 долларга көтөрүлөт.