Жаңылыктар
Россия-Кыргызстан кызматташтыгы: орус тил-көпүрө тил
Билим

Тил билүү, анын ичинде Кыргызстанда орус тили аркылуу жаштардын дүйнө таанымынын кеңейшине жол ачылат, - деген пикирлер Ошто өткөн жыйында айтылды. Тегерек стол “ Пикир” эксперттер клубунун демилгеси менен уюшулган. Катышуучулар көп улуттуу калк жашаган Ош шаарында орус тили жана адабиятынын окутулушу, окутуучу адистердин жетишсиздиги боюнча талкуулашты. 

Иш-чара , 2020-жыл Кыргызстанда Россия Федерациясы менен кызматташуу, ал эми Россияда Кыргызстан менен кызматташуу жылына багытталган. Мындай чечим Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын учурунда кабыл алынган. Азыркы тапта Орусиядан келген 15 мугалим , Оштогу мектептерде орус тилин окутуу боюнча кесиптештерине өз тажырыйбаларын бөлүшүүдө. Ошондой эле, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык, билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгын арттыруу максатында, Ош шаарына Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу мерчемделген.

"Кыргызстан мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинде орус тилин мамлекеттик тил катары кабыл алган жалгыз мамлекет. Кыргызстанда орус тили сакталып, аны өнүктүрүүгө көңүл бурулаарын да мамлекет башчы айтып келет. Ал эми, орто мектептерде орус тил сабагына болгон суроо-талап, кызыгуу күч экенин байкап келебиз. Ушул себептүү бүгүнкү иш-чарада биз, республиканын түштүк аймактарында орус тилин окутууда, аны өнүктүрүүдө кандай көйгөйлөр бар экенин жеринде угуп, билели дедик",- дейт “Пикир” эксперттер клубунун төрагасы Игорь Шестаков.