Жаңылыктар
Эл аралык балет фестивалы жыйынтыкталды
Маданият
Эл аралык балет фестивалы жыйынтыкталды

Кыргыз балет бийчиси, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган "Балет, балет..." эл аралык фестивалынын жыйынтыктоочу концерти Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Ага Орусия, Казакстан жана Кыргызстандын балет солисттери катышты. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нурматбек Полотов дирижёрлук кылды. Аталган фестиваль быйыл алтынчы ирет өткөрүлүп жатат. Анда бүткүл дүйнөлүк классикалык балет шедеврлери, чет өлкөлүк жана орус хореографиясынын мыкты чыгармалары коюлду.

“Жалпылап алганда, балетке арналган бул фестиваль бийик деңгээлде өттү. Ага чет өлкөлүк балет солисттери катышты. Мындай таланттуу адамдарды чакыруу аябай кыйын. Бирок Чолпонбектин 70 жылдыгына эч нерсеге карабай келип, катышып беришти. уюштуруучуларга аябай ыраазымын. Көрүүчүлөргө абдан ыраазымын. Алар жок артист толук кандуу артист эмес”,- деди Ч.Базарбаевдин жубайы Надежда Базарбаева.