Жаңылыктар
"Ак куу көлү" балети искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланды
Маданият

Бишкекте орус композитору Пётр Чайковскийдин легендарлуу "Ак куу көлү" балети искусство сүйүүчүлөрүнө тартууланды. Ал Орусиянын театр жылдыздарынын катышуусу менен коюлуп, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин 70 жылдыгына арналган эл аралык фестивалда көрсөтүлдү.

Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына Пётр Чайковскийдин “Ак куу көлү” балетин көрүүгө ашыккан көрүүчүлөр жык толду. 4 көшөгөлүү балетти кыргыз артисттери менен биргеликте башкы партияны Орусиянын бийчилери Олеся Росланова жана Анатолий Соя жогорку чеберчилик менен аткарышты.
Мага кыргыз артисттери менен бир сахнада бийлөө абдан жеңил болду. Биз көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулаганга аракет кылдык. Бул балетти көргөн эс алуучулар көңүлдүү кайтты деп ойлойм.
“Ак куу көлү” сюжети жагынан ханзаада Зигфрид жана каардуу сыйкырчынын колунан ак кууга айланып калган Одеттанын сүйүүсү тууралуу баяндалат. Зигфрид өзүнүн күчүнө ишенип, Одеттаны сыйкырдын туткунунан бошотуп алат. Бирок, каармандардын тагдыры кайгылуу аяктайт. Одетта көз жумат, ал эми ханзаада кыялдарынын көлүнүн жээгинде жалгыз калат.

Жалпы 50дөн ашык артист катышып, 160тан ашык заманбап костюмдар тигилген спектаклди алып чыгууга 2 миллион сомго жакын каражат сарпталган. Мындан тышкары, ар бир акттын жасалгасы толугу менен жаңыча шөкөттөлгөн.
“Ак куу көлү” балети Кыргызстанда алгач 1949-жылы коюлуп, башкы каармандардын образын Бүбүсайра Бейшеналиева менен Уран Сарбагышев аткарган. Ал эми, экинчи ирет 1965-жылы коюлган. 2016-жылы 3-жолу редакцияланып, жаңы үлгүдө сахнага чыгарылган.