Жаңылыктар
Иран Кыргызстан аркылуу өтчү темир жолдун салынышына кызыкдар
Экономика
Иран Кыргызстан аркылуу өтчү темир жолдун салынышына кызыкдар

Иран Кыргызстан аркылуу өтчү беш тараптуу темир жолдун салынышына кызыкдар. Бул тууралуу Президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болгон, Ирандын жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Аббас Ахун билдирди. Ал эми 2 күндөн бери Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан-Иран өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны жыйынтыкталып темир жол долбоорунан сырткары энергетика жана авиакаттамдары чөйрөсүндөгү бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлду.

Президенти Алмазбек Атамбаев Ирандын жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Аббас Ахун баштаган Иран өкмөтүнүн делегациясын кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу транспорт инфраструктурасы, энергетика жана авиакаттамдары чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелери талкууланды. Андан сырткары мамлекет башчы өткөн жылы сентябрь айында Иранга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында  жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Анда министр Аббас Ахунди «Кытай-Кыргызстан-Тажикистан-Ооганстан-Иран» темир жол курулуш долбоорун иш жүзүнө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Президент өз кезегинде Бишкекте өткөн кыргыз-иран өкмөт аралык комиссиясынын 11-жыйынынын жыйынтыктары Кыргызстандын ЕАЭБдин  мүчөсү катары, бир нече тармак боюнча эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын тереңдешине мүмкүндүк берээрин белгиледи. 

Ал эми комиссияжыйынынын жыйынтыгы менен Иран Кыргызстан аркылуу өтчү беш тараптуу темир жолдун салынышы, Бишкек-Тегеран, Тегеран-Бишкек түз аба каттамынын кайрадан жандануусу жана Кыргызстанда ГЭСтерди куруу боюнча бир катар келишимдерге кол коюулду деп билдирди Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров.

Иран Кыргызстан менен эки тараптуу жетишилген макулдашууларды тез арада иш жүзүнө ашырууну каалайт. Мындай пикирин Ирандын жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Аббас Ахун билдирди. Андан сырткары Бишкек-Тегеран ортосундагы аба каттамдын ишке кирүүсүн кыска убакытта ишке ашырууну айтты.

“Бул беш багыттуу темир жолду куруу менен темир жол кесип  өтө турган баардык мамлекеттердин бири-бири менен соода алакасы кеңейип,  экспорттун көлөмүн көбөйтүп, транспорт чыгымын азайтат жана аймактарга жүк  менен жүргүнчүлөрдү ташууну жеңилдетет. Андыктан долбоорду тез арада ишке  ашырууга биз кызыктарбыз. Бишкек-Тегеран аба каттамында да жакынкы аралыкта  алгачкы учактар каттап баштоосун каалайт элем”.

Андан сырткары эки өлкө ортосунда банктар аралык кызматташуу, туризм жана саламаттык сактоо тармагында бирге иштешүү, Кыргызстанда “Халал” индустрияны өнүктүрүү сыяктуу бир катар келишимдерге кол коюлду. Экономика министрлигинин алдындагы “Инвестиция тартуу” агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу, кыргыз-иран өкмөтүнүн ортосунда инвестициялык кеңеш түзүү келишими түзүлгөнүн билдирди.

Эске салса кетсек, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2015-жылы 100 миллион долларга жакын каражатты түзгөн. Ал эми Кыргызстанда 200 ашуун Иран жарандары ишкерлик кылат.

С. Идирисов, “Биринчи радио”