Жаңылыктар
Быйыл чакан насыя алгандардын саны өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл чакан насыя алгандардын саны өстү

Улуттук статистика комитети билдиргендей, көрсөткүч былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 35 пайызга көп. Тагыраагы, январь-сентябрь айларында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 460 миң адамга 22 миллиард сом насыя берилген.

Чакан насыяны эң көп Ош облусунда алышты. Ал жалпы көлөмүнүн 21 пайызын түзөт. Андан соң 19,1 пайыз менен Бишкек шаары турат жана алынган насыянын басымдуусу айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, керектөөчүлүккө, соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө жумшалган.