Жаңылыктар
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан азыктар кармалды
Кылмыш
Мыйзамсыз ташылып келе жаткан азыктар кармалды

ЕАЭБдин бажы аймагына мыйзамсыз ташылып келе жаткан 914 60 сомдук кондитердик азыктар кармалды. Мамлекеттик бажы кызматы билдиргендей, аткезчилик менен келе жаткан азыктар “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан аныкталган. Кызматкерлер Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенс 1823” үлгүсүндөгү таранспорт каражатты токтотуп, текшергенде жалпы салмагы 5 344 килограмм болгон кондитердик азыктар табылган. 

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБдин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бажыга тийиштүү бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы наркы 914  60 сомду түзөт. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.