Жаңылыктар
ЖК: Балыкчы-Корумду автожолуна боюнча өткөн тендер маселеси каралды
Экономика
ЖК: Балыкчы-Корумду автожолуна боюнча өткөн тендер маселеси каралды

Кечээ Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Балыкчы – Корумду автожолу боюнча өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралып, ал негиз катары кабыл алынды. Эске салсак, мындан бир ай мурда аталган жолду куруу боюнча тендерди өткөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталып, ишти  текшерүү боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Мындай окуядан кийин Темир Сариев кызматтан чегинип, тендер чырында күнөөсү жок экенин билдирген.

Кечээ кечке маал саат алтыларда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Балыкчы – Корумду автожолу боюнча өткөрүлгөн тендердин мыйзамдуулугун иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгын кароо маселеси катуу талашка түшүп, соңунда эл өкүлдөрү эки тараптын тең пикирин бирдей угуу үчүн маселеге тиешеси бар мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев, мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев, анын мурдагы орун басары Улан Уезбаевтардын берген маалыматтарын угууну эп көрүштү.

Өз кезегинде депутаттык комиссиянын курамындагы эл өкүлү Жанарбек Акаев, Сариевге көбүрөөк ишенгенин билдирди. Анын айтымында, тендер чыры боюнча депутаттык комиссия адилеттүү иш алып барган эмес. Анын ичинде 3-4 кызыктар адамдар гана иштеген.

Белгилей кетсек, депутаттык комиссиянын курамында КСДП фракциясынан Жанарбек Акаев, Узарбек Жылкыбаев, Искендер Матраимов, Гүлкан Молдобекова, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Максат Сабиров, Талант Мамытов, Таабалды Тиллаев, «Кыргызстан» фракциясынан Кубанычбек Нурматов, Канатбек Исаев, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Абылкайыр Узакбаев, «Ата Мекен» фракциясынан Өмүрбек Текебаев, «Бир Бол» фракциясынан Кубанычбек Жумалиевдер  бар. Ал эми жыйында өз кезегинде депутат Чолпон Султанбекова, мурдагы транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаевга, тендер чыры баштала электе парламентке келип маалымат берип жатканда  баардыгы жайында –деп жайгарбадыңыз беле деп суроо узатты.

Ошентип кечээ кечке маал Жогорку Кеңеш депутаттары пленардык жыйында  Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун оңдоону текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын маалыматын угуп, бир катар талаш-тартыштардан кийин аны негиз катары кабыл алышты.

Эске салсак, маселе буга чейин дагы парламент жыйынында каралган болчу. Ал эми депутаттык комиссия мындан бир ай мурда түзүлгөн. Кошумчалай кетсек, тендер чырына байланышуу токтоп калган Балыкчы-Корумду жолунун курулушу  жакында жанданат. Маалыматка ылайык, жолду курулушун улантуу боюнча өкмөт 100 миллион сом бөлгөн.

М. Абдраманова, “Биринчи радио”