Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары беттешет
Спорт
Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары беттешет

Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада футбол боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары ортосунда 2022-жылдын Дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылдын Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында оюн болот.

Кыргызстандын курама командасы Тажикстандын курамасы менен жалпы 11 оюн өткөргөн. Анда атамекендик спортчулар 3 жолу жеңишке жетип, жети мелдеште Тажикстандын өкүлдөрү уткан. Ошондой эле, бир оюнда эсеп бирдей болгон.

Эки курама команда ортосундагы эң биринчи оюн 1994-жылы 15-апрелде болгон. Кыргызстандын курамасы үчүн бул мелдеш тарыхтагы экинчи расмий оюн болуп эсептелген. Анда тажикстандык футболчулар 1:0 эсебинде жеңишти камсыздашкан. Ал эми Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Тажикстандын курама командасы менен Дүйшөмбү шаарында беттеш өткөргөн.

Кыргызстандын курама командасы менен Тажикстандын курамасынын ортосундагы бүйүр кызыткан оюн кечки саат сегизде башталат. Командалар тайпадагы 2-орун үчүн ат салышат. Белгилей кетсек, Дүйнө биринчилигинин кийинки этабына өтүү үчүн улуттук курама командага тайпада биринчи же экинчи орунду камсыздоосу керек. 

Билеттер Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренанын кассасында сатылууда. Мындан сырткары, билеттер жетиштүү болгонуна байланыштуу эски аянтта Led-экран уюштурулган эмес. Оюнду “КТРК Спорт” каналы түз алып көрсөтөт.