Жаңылыктар
Жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөр арбыды
Кыргызстан жаңылыктары
Жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөр арбыды

Жыл башынан бери жолдо жүрүү эрежесин бузган 2 миңге жакын жөө жүргүнчүлөр административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Бишкектеги балдардын коопсуздугуна  арналган “Жөө жүрүүчү” рейдинин жүрүшүндө белгилүү болду. 

Тартип сакчылар 10 күндүк эс алуудан кийин окуу процесси башталган мектептердин жанында нөөмөт алып барып, окуучулардын жана айдоочулардын жол кыймылынын эрежесин сактоосуна көз салышты. Бул иш-чара жөө жүрүүчүлөргө эскертүү берүүгө жана жол кырсыктарын алдын алууга багытталган. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"