Жаңылыктар
Унаа токтоочу жайсыз акча жок
Кыргызстан жаңылыктары
Унаа токтоочу жайсыз акча жок

Муниципалдык унаа токтоочу жайлар жоюлуп кеткенине байланыштуу Бишкек шаары жылына 14 миллион сом жоготууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин 31 жыйынында депутат Казыбек Эргешов билдирди. 

Белгилей кетсек бүгүнкү отурумда 2014-жылдагы бюджеттин аткарылышы талкууланды. Унаа токтоочу жайларды уюштуруу тууралуу ойлонуп отурганда Бишкек күнүнө 100 миң сом жоготуп жатат деди чогулушка келгендер. 

Бүгүнкү күндө Бишкекте унаа токтоочу жайлардан акча алуу токтотулган. Бирок жеке тараптар токтотулган бир унаадан 20-50 сомдон алып жатат деди депутат. 

Биринчи вице-мэрдин милдетин аткаруучу Эрнис Зарлыков болсо мыйзамсыз акча жыйнагандар бар экенин мойнуна алды. Унаа токтоочу жайлар боюнча учурда атайын комиссия түзүлдү, анын жыйынтыгы менен чечим чыгарабыз деди ал.