Жаңылыктар
Абылгазиев: "Маселелердин чечилиши - жалпыбыздын максатыбыз"
Экономика
Абылгазиев: "Маселелердин чечилиши - жалпыбыздын максатыбыз"

Маселелердин чечилиши - жалпыбыздын максатыбыз. Бул туурасында эл аралык донорлордун конференциясында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Айтымында, анын катышуучулары абалды түшүнүп, өзгөртүүгө далалат кылууда бир пикирде. Форумдун иши бир нече секцияларда жигердүү талкуу менен коштолду.

Форумдун иши бир нече тема боюнча секцияга бөлүнүп, катышуучулар, санариптештирүү, адамдык капиталды өнүктүрүү жана суу ресурстарын башкаруу маселелерин талкуулашты. Ортого салынган тармактар Кыргызстандын өнүгүүсүнө өбөлгө боло турган багыт болуп саналат.

Учурда жалпы адамзатка экологиялык кырсыктар жана климаттын өзгөрүүсү коркунуч жаратат. Андай көрүнүштөр Кыргызстанга дагы тиешелүү. Өкмөт башчы белгилегендей, өлкө туруктуу өнүгүүгө жашыл экономиканын жардамы менен жетүүнү көздөп жатат.

Адам - башкы байлык жана өлкөнүн келечеги. Форумда адамдык капиталды өнүктүрүү жана инвестициялоо кеңири талкууланып, эл аралык донорлор дагы колдоого кызыкдар экендигин билдирген.

Ушул күндө Кыргызстанда санариптештирүү иштери жигердүү жүрүп жатат. Бул биринчиден жемкорлукту ооздуктайт, экинчиден жарандарга ыңгайлуулук алып келет. Мындай көрсөткүчтөр экономиканын өсүшүнө жана адамдын жашоо деңгээлинин жогорулоосуна түрткү болоорун белгилешти конференциянын катышуучулары.

Мамлекет башчынын аймактарды өнүктүрүү демилгеси коомчулукта улуттук идеологияга айланды. Бул демилге өлкөдөгү айыл жергесинде жашаган 60 пайыз калктын маселесин чечүүгө багытталган. Ошондон улам, аймактарды өнүктүрүүдөгү долбоорлорду ишке ашырууда эл аралык донорлор колдоо көрсөтүп келет.
Бүгүнкү форум - Кыргызстандын өнүгүү жолунда өнөктөштөрү менен кызматташуудагы башкы кадамы. Катышуучулар белгилегендей, чоң иштер жасалды. Ал эми секциялардагы пикирлер эске алынат.