Жаңылыктар
Бир учурда үчтөн ашык бала төрөлсө, мамлекет 50 миң сомдон сүйүнчү пул төлөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Бир учурда үчтөн ашык бала төрөлсө, мамлекет 50 миң сомдон сүйүнчү пул төлөйт

Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлсө, мамлекет ар бир балага 50 миң сомдон сүйүнчү пул төлөйт. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Чечим 2019-жылдын 1-декабрында күчүнө кирет. Бул жардам үй-бүлөлөргө социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Эске салсак, үй-бүлөлөрдүн жетиштүүлүгүнө карабастан, бала төрөлгөндө бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулу берилет. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, дайыма кам көрүүгө муктаж болгон балдары бар ата-энелерди колдоого алуу максатында «персоналдык ассистент» кызматы киргизилди. Бул балага үй-бүлөдө калууга шарт түзөт, адистерге айлык акы төлөө маселеси чечилген. 

"Эгер үй-бүлөдө бир учурда 3 же андан көп бала төрөлсө, тагыраак айтканда, бүлөдө 3 же 4 эм төрөлсө, Өкмөт ошол балдардын ар бирине 50 миң сомдон берет. Айрымдар үйдө 3 баладан ашык бала болсо деп түшүнүп атат. Бирок бул андай эмес. Бул документте үч же төрт эм тууралуу сөз болууда",- деди Өкмөт аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн эксперти Кундуз Баялиева.