Жаңылыктар
Коррупция менен болгон күрөштөн чогулган акчага өлкө боюнча 15 мектеп курулат
Коррупция
Коррупция менен болгон күрөштөн чогулган акчага өлкө боюнча 15 мектеп курулат

Ички миграция күч алып, Бишкектин тегерегине отурукташкан калктын саны көп болгондуктан, мектеп тартыштыгы келип чыккан . Жык толгон класстар агартуучуларды абдан эле кыйнайт. Мындан улам, өлкө башчысы жемкорлуктан түшкөн каражаттын эсебинен билим уяларын курууну сунуштаган болучу.

Атайын эсепке жемкорлуктан түшкөн акчанын эсебинен борбор калаадагы 12-мектепке кошумча корпус курулууда. Курулуш иштери 2019-жыл, 27-августта башталган. Тендерге чейинки баасы 92 млн. сом деп белгиленсе, тендерден уткан ишкана 72 млн. сомго курулуш иштерин жүргүзүүдө. 

Коррупция менен болгон күрөштөн чогулган акчага жалпы өлкө боюнча 15 мектеп курулат. Анын жетөө Бишкек шаарында, алтоо Чүй облусунда. Эки мектепте курулуш иштери жүрүп жатат. Жети билим уясын курууга тендер жарыяланды. Андан тышкары Ош шаарындагы №7 Нариман мектеп гимназиясына да кошумча корпус курулат. Долбоордун тендерге чейинки наркы 72 млн. сом деп белгиленген.

Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 13-ноябрына чейин бул эсепке жалпысынан 1 млрд. 883 млн. 283 миң 309 сом түштү. Анын ичинен Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы - 935 млн. 604 миң 752 сом которгон. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 320 млн. 904 миң 545 сом топтогон. Ал эми Башкы прокуратура тарабынан 628 млн. 307 миң 432 сом которулса, Ички иштер министрлиги 7 млн. 85 миң 821 сом чогулткан. Топтолгон бул сумманын ичинен 900 миллионго жакыны мектеп курууга каралса, дагы бир бөлүгү Бишкек шаарына тез жардам унааларын алууга бөлүнөрү айтылган.