Жаңылыктар
Мамлекеттик жана коомдук ишмер С.Абдырахмановдун 90 жылдыгы белгиленди
Аймак
Мамлекеттик жана коомдук ишмер С.Абдырахмановдун 90 жылдыгы белгиленди

Ысык-Көл облусунда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Садырбек Абдырахмановдун 90 жылдыгы өткөрүлүп, өзү туулуп өскөн айылга айкели тургузулду. 

Садырбек Абдырахмановдун бала чагы согуш мезгилине туш келсе, элине кызмат кылуу учуру согуштан кийинки кайра калыптануу оор мезгилине дал келет. Ал эмгек жолун колхоздо чабандын жардамчысы болуу менен баштап, кийин айылдык мектепте мугалим, директор болгон. Кийин көптөгөн партиялык кызматтарды аркалап, Каракол, Жети-Өгүз, Түп райком партиясынын катчысы, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин парторгандар бөлүмүнүн инструктору болуп иштеген.