Жаңылыктар
Футбол-2022: Кыргызстан 1:1 Тажикстан
Спорт
Футбол-2022: Кыргызстан 1:1 Тажикстан

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада футбол боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары ортосунда 2022-жылдын Дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылдын Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында оюн өтүп, 1:1 эсебинде тең чыгуу катталды. 

Кыргызстандын курама командасы Тажикстандын курамасы менен буга чейин жалпы 11 оюн өткөргөн. Анда атамекендик спортчулар 3 жолу жеңишке жетип, жети мелдеште Тажикстандын өкүлдөрү уткан. Ошондой эле, бир оюнда эсеп бирдей болгон. Эки курама команда ортосундагы эң биринчи оюн 1994-жылы 15-апрелде болгон. Кыргызстандын курамасы үчүн бул мелдеш тарыхтагы экинчи расмий оюн болуп эсептелген. Анда тажикстандык футболчулар 1:0 эсебинде жеңишти камсыздашкан. Ал эми Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында Тажикстандын курама командасы менен Дүйшөмбү шаарында беттеш өткөргөн.

Кыргызстандын курама командасы менен Тажикстандын курамасынын ортосундагы бүйүр кызыткан оюн кечки саат сегизде башталып, командалар тайпадагы 2-орун үчүн ат салышты. Оюнду “КТРК Спорт” каналы түз алып көрсөттү.