Жаңылыктар
Дүйнөлүк банк аймактарды өнүктүрүү долбоорун колдойт
Экономика
Дүйнөлүк банк аймактарды өнүктүрүү долбоорун колдойт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азиядагы стратегия жана операциялар боюнча директору Мариам Шерман менен жолугушту. Ал «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» донордук Форумунун ишине катышуу үчүн Кыргызстанга келген.

Мамлекет башчысы Дүйнөлүк банктын “Келечек үчүн билим берүү” жана билим берүү мекемелерин реконструкциялоо боюнча долбоору бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган улуттук билим берүү системасына олуттуу колдоо болот деген үмүтүн билдирди. Мариам Шерман Президент Сооронбай Жээнбековду өлкөнүн келечегине чоң маани берген донордук форумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады жана Дүйнөлүк банк аймактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоорун билдирди.