Жаңылыктар
Улуттук китепкана окурмандар менен биргеликте кадыр түн тосулат
Маданият
Улуттук китепкана окурмандар менен биргеликте кадыр түн тосулат

Бишкекте "Китепканадагы кадыр түн" аталышындагы социалдык-маданий иш-чара өтөт. Саамалык Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада бүгүн түнү уюштурулат. 

Бул түнү китепкана бардык окурмандар үчүн эшигин ачат. Анын алкагында көргөзмөлөр уюштурулуп, өлкөдөгү атактуу акын-жазуучулар менен жолугушуулар өтөт.

Аталган акция жаштарды китеп окууга жана китепканага окурмандарды тартууга үндөлөн. Жалпы 60ка жакын иш-чара өткөрүлүп, 3000дей адамдын катышуусу күтүлүүдө.

Китепканадагы кадыр түндү окурмандар менен биргеликте  чет элдин өкүлдөрү, Эл аралык уюмдун мүчөлөрү, акын, жазуучулар, коомдук ишмерлер, студенттер, окуучулар катышат.