Жаңылыктар
Социалдык тармактардагы долбоорлорго грант бөлүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды
Экономика
Социалдык тармактардагы долбоорлорго грант бөлүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Президент Сооронбай Жээнбеков «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук Форумунун ишине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Мамлекет башчысы Кыргызстан кызматташуунун жаңы приоритеттүү багыттарын аныктоого кызыкдар экенин айтты. 

Андрей Широков Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ирригациялык түйүндөрдү жаңылатуу, республиканын калктуу пункттарын таза суу менен камсыз кылууну жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну колдой турганын, саламаттыкты сактоо тармагында, анын ичинде биринчи жардам көрсөтүү тутумун жакшыртуу долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. 

Автожолдорду куруу жана реабилитациялоо, гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечегин, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууга гранттарды бөлүп берүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.