Жаңылыктар
Тарых музейинин кызматкерлери реконструкциялоо ишине терс баа беришти
Коррупция
Тарых музейинин кызматкерлери реконструкциялоо ишине терс баа беришти

Тарых музейинин кызматкерлери реконструкциялоо ишине терс баа берген. Бул тууралуу аталган маданий жайдын окумуштуу катчысы Дамира Иманалиева бүгүнкү соттук отурумда билдирди. Ал кымбат бааланган такталарды орнотуу долбоордо камтылбаганын, ошондой эле кызматкерлер аттардын көрүнүшү башкача болот деп күтүшкөнүн белгиледи. 

Тарых музейин жаңылоодогу коррупцияга мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен президенттин аппаратынын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева айыпталып жатат. Мамлекетке келтирилген чыгым 100 миллион сомдон ашык экени кабарланган. Биринчи май райондук сотундагы кийинки отурум 26-ноябрга белгиленди.