Жаңылыктар
“Айтматов дүйнөсү” аттуу сынак жарыяланды
Билим
“Айтматов дүйнөсү” аттуу сынак жарыяланды

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата мектеп окуучуларына жана студенттерге “Айтматов дүйнөсү” аттуу сынак жарыяланды. Аны “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын “Айтматов таануу” бөлүмү уюштурууда. Катышуучулар улуу инсандын өмүр жолун жана чыгармаларын эссе жазуу, көркөм окуу, монолог жана сүрөт аркылуу чагылдырат. 

Сынак 10-декабрга чейин уланат жана мыктыларына атайын сыйлыктар каралган. Аталган сынак Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий жана этикалык баалуулуктарды жайылтууга жана популярдаштырууга багытталган. Ошондой эле, иш-чара Айтматовдун чыгармалары аркылуу жаштарда адамгерчилик, ыймандуулук, маданияттуулук, мекенчил сапаттарды калыптандырууну көздөйт.