Кыргызстан менен Тажикстандын футболдук беттеши 1:1 эсеби менен теңме-тең чыкты. Алгачкы топту Кыргыздардын дарбазасына тажик футболчусу Жахонгир Эргашев таамай тээп эсепти ачты.
Андан соң, оюндун экинчи бөлүгүндө кыргыз футболчусу Тамирлан Козубаев гол киргизип, эсеп саны теңелди. Беттеш 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өттү.
Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"
Кененирээк аудиодон укса болот.