Жаңылыктар
УКМК жоголду делген 200 миң доллар боюнча өз түшүндүрмөсүн берди
Кылмыш
УКМК жоголду делген 200 миң доллар боюнча өз түшүндүрмөсүн берди

УКМК мурдагы прокурордун иши боюнча жоголду делген 200 миң доллар боюнча өз түшүндүрмөсүн берди. Ага ылайык, социалдык тармактарда жана айрым ЖМКларда 200 миң доллар жоголду делген маалымат чындыкка дал келбейт. Белгилей кетсек, бир катар маалымат каражаттары Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Улан Чалбаев пара алып жаткан жеринен кармалып, далил катары алынган каражат УКМКнын тергөөчүсүнүн сейфинен жоголуп кеткенин жазышкан.

УКМКнын билдиришинче, экс-прокурордун ишин тергөө аяктап, сотко жөнөтүлдү. "200 миң доллар жоголгону тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Муну менен Мамлекеттик комитеттин жетекчилигин жана улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерин каралоо максатында жалган маалыматтарды таратуу менен коомчулукка жаман көрсөтүү иштери жүрүп жаткандыгын белгилей кетүү керек", — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү 2018-жылы 16-апрелде Чалбаевди 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармашкан.