Жаңылыктар
Кыргыз тилинде илимий эмгек жазуу маселеси коомдун бүйүрүн кызытты
Билим
Кыргыз тилинде илимий эмгек жазуу маселеси коомдун бүйүрүн кызытты

Кыргызстанда илимдин бардык тармагы боюнча кыргыз тилинде илимий макала, диссертация жазгандарга артыктчылык берүү керек. Мындай пикир, 19-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы өткөргөн “Мамлекеттик тил-илимде”-деп аталган тегерек үстөлдөгү талкуу учурунда окумуштуулар тарабынан айтылды. 

Биз Өкмөттүн тапшырмасы менен кыргыз тилинде жазылган илимий диссертациялардын санын тактап чыктык, эми сапаттык өсүшүн талдоого алууну күчөтөбүз деди, Жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымы.

Илимдин бардык тармагында кыргыз тилинде эмгек жазууга басым жасоо зарылдыгын талкуунун жүрүшүнөн кабарчыбыз айтып берет.

Кененирээк аудиодон укса болот.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"