Жаңылыктар
ЖЭБ боюнча сот: 55 томдон турган материалдын 7 тому иликтенди
Кыргызстан жаңылыктары
ЖЭБ боюнча сот: 55 томдон турган материалдын 7 тому иликтенди

Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо иши боюнча ачык соттук отурум өтүүдө. Анда Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда. Иштин материалы жалпысынан 55 томдон турат, анын ичинен жети тому иликтенди.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом зыян келтирилген. Мындан улам, Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Бримкулов жана Ольга Лавровага кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.