Жаңылыктар
Футбол: жазында Кыргызстан менен Мьянма командалары беттешет
Спорт
Футбол: жазында Кыргызстан менен Мьянма командалары беттешет

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренада футбол боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары ортосунда 2022-жылдын Дүйнө чемпионатынын жана 2023-жылдын Азия Кубогунун тандоо турунун алкагында оюн болуп өттү. Мелдеш 1:1 эсеби менен аяктады. Оюндун 17-мүнөтүндө Тажикстан курамасынын футболчусу Джахонгир Эргашев биринчи гол киргизип, эсепти ачты. Экинчи таймда оюндун бүтөөрүнө 8 мүнөт калганда Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Одил Абдурахманов гол киргизип, өзгөчөлөндү. 

Бул оюндан кийин 1-орунда 12 упай менен Япония, 2-орунда 7 упай менен Кыргызстан, үчүнчүдө дагы 7 упай менен Тажикстандын курама командасы, ал эми 6 упай менен Мьянма 4-орунду ээледи. Монголиянын курамасы 3 упай менен акыркы тизмеде. Кийинки мелдеште улуттук курама команда 31-мартта Мьянма менен кез келет.