Жаңылыктар
Нарын: тургундар 30 жылдан бери суу келбей жаткан каналды тазалоодо
Аймак
Нарын: тургундар 30 жылдан бери суу келбей жаткан каналды тазалоодо

Нарындын Кочкор районундагы Кара-Суу жана Ормон-Хан айылдарынын эли болсо түп көтөрүлүп, отуз жылдан бери суу келбей жаткан каналды тазалоодо. Эң негизкиси бул демилгени эл өзү колдоп, учурда жүздөн ашык адам иштеп жатат. Демилгелүү эл суук түшкөнчө иштеп, жазында калган жумуштарын бүтүрууну мерчемдеген.

Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы Топон-Арык каналы. Суу жүрбөй калганына 30 жылга чукулдап, канал толуп калган.

Каналды Ормон-Хан жана Кара-Суу айылынын эли тазалап жатат. Мында аял-эркеги дебей келип, жалпы 100дөн ашык киши иштеп жатат. Эми элеттин ирригация көйгөйү чечилет.

Элет эли суук түшкүчө иштейт. Көбүнчө калк дыйканчылык менен алектенгендиктен , бул демилгени дароо эле колдоп чыгышкан. Канал тазаланып ишке кирсе жалпы 2 миң гектарга чукул суу жетпей жаткан айдоо жери пайдаланууга берилет. Дыйкандар үчүн бул жагымдуу жаңылык.

Топон-Арык каналы союз маалында курулуп, төрт айылды сугат суу менен камсыз кылчу. Жалпы узундугу 14 чакырым. Ал эми эки айылдын эли 8 чакырымын тазалоого максат койгон. Калкты Түштүк Кореанын “ Жаңы айыл кыймылы” долбоору колдогон.