Жаңылыктар
Ипотекалык турак жай ар бир жаранга жеткиликтүү
Кыргызстан жаңылыктары
Ипотекалык турак жай ар бир жаранга жеткиликтүү

2019-жылдын ноябрь айына карата мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 5 миллиард сомдон ашык суммага 4 миң 405 насыя берилди. Мурда ипотекалык насыяны бюджеттик мекемелерде иштегендер гана алып келсе, бүгүнкү күндө төлөөгө жөндөмдүү бардык жарандарга алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Наргиза Бозжигитова жолдошу экөө тең бюджеттик мекемеде иштейт. Жаш үй бүлөнүн ипотекалык компания аркылуу турак жайга ээ болгонуна 2 жыл болду. Көп кабаттуу үйдөн 2 бөлмөлүү үй сатып алуу үчүн мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 8 пайыз менен насыя алышкан, учурда айына 15 миң 400 сомдон төлөшөт. Ипотекалык насыянын 6 пайызга төмөндөй турганын уккан үй-бүлө жогорудагы төлөм дагы азаят деген үмүттө.

“Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” программасы алгач ишке киргенде пайыздык ченем 14 пайыз болгон. Азыркы тапта ал 7 пайыз. Президент Сооронбай Жээнбеков бюджеттик мекемелерде иштеген жарандардын үй алуу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүү үчүн пайыздык ченди 6 пайызга төмөндөтүү тапшырмасын берген. Аны ишке ашыруу үчүн финансы министрлиги каражат табуунун аракетинде. 

Азыркы тапта мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үй алам деп кезекте тургандардын саны 4 миңге чамалайт. Ошол эле учурда бюджеттик мекемелерде иштебегендер дагы бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алат.

Аймактардагы жарандардын жеңилдетилген насыя аркылуу турак жайга ээ болуусу үчун дагы шарттар бар. Бул үчүн чет өлкөлүк уюмдардан инвестиция тартылууда. Мамлекеттик ипотекалык компания" KFW (Кей-Эф-ДаблЮ) немец өнүктүрүү банкы каржылай турган "Турак жайды каржылоо" программасын ишке киргизүү алдында турат.

Ипотекалык насыялоону өнүктүрүү максатында “МИК” ААКу ипотекалык баалуу кагаздарын” дагы чыгарды. Ал жакынкы келечекте ипотекалык насыя аркылуу турак жай сатып алууну үмүттөнгөндөр үчүн өтө маанилүү.