Жаңылыктар
Саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүү
Ден соолук
Саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүү

Кыргызстан кургак учук боюнча эң жогорку деңгээлдеги дүйнөдөгү 30 өлкөнүн катарына кирет. Илдет менен күрөшүү, алдын алуу, дартты аныктоо да заман талабына ылайык санарип каражаттар менен жүргүзүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүнүн алкагында өлкө аймагындагы кургак учук илдетине каршы күрөшүү мекемелери, дартты аныктоо лабораториялары электрондошкон тутум менен иштеп жатышат. Ага ылайык өлкө аймагындагы бардык бейтапканалар онлайн системага бириктирилген. Анализ тапшырууда, анын жыйынтыгын алууда кагазды колдонуу жокко чыкты. Тармакты санариптештирүү ооруну эрте аныктап, дарылоону мезгилинен кечиктирбей баштоого шарт түздү.

Электрондук тутум иштей электе ушундай эле анализдердин жыйынтыгын алууга жумалаган, кээде айлаган да убакыттар коротулчу. Бул убакыт аралыгында бейтаптын оорусу күчөп кеткен учурлар да катталган. Кургак учук, дарт канчалык эрте аныкталып, дарылоо өз убагында башталса андан айыгып кетүү да ошончолук тез болот. Андыктан санариптешүү илдетке кабылгандардын түйшүгүн аябай эле жеңилдетти.

Борбор калаада жайгашкан илдетти аныктоочу бул референс- лаборатория Борбор Азия чөлкөмүндөгү кургак учукту аныктоочу алдыңкы лабораториялардын катарына кирет. Бул жайда жургүзүлгөн анализдердин жыйынтыгы менен илдетке чалдыккан бейтаптарды индивидуалдуу дарылоону иштеп чыгууга, ошондой эле ар бир бейтаптын дартты жуктуруу жолун аныктоого болот. Ошол эле учурда оорунун таркалышын токтотуу үчүн шарт түзүлөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук фтизиатрия борборунун маалыматына караганда Кыргызстанда акыркы жылдары курак учуктун залакасын азайтуу боюнча оң тенденция түзүлгөн. Буга себеп дарылоо сапатынын жакшырышы, дарылоонун жаңы режимдерин киргизүү, кургак учукка каршы лабораториялык кызмат көрсөтүүлөрдү модернизациялоо, кургак учукка чалдыккандарга социалдык колдоо көрсөтүү, өлкөнүн кургак учукка каршы кызматын реформалоо боюнча түзүмдүк өзгөрүүлөрдү атоого болот. Бул оорудан көз жумгандардын саны да кыскарган.