Жаңылыктар
Адамзаттын асыл мурастары
Маданият
Адамзаттын асыл мурастары

Тарых жана маданият жылынын алкагында республика боюнча пландалган түрдүү иш-чаралардын тизмеги уланууда. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Адамзаттын асыл мурастары” аталышындагы сүрөт көргөзмө ачылды. 

Анда сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Абазбек Апиевдин - Стамбулдагы Топ Капы музейинде сакталган артефакттардын негизинде тартылган 40тан ашуун эмгеги чагылдырылган. 

Тагыраагы, Мухаммед пайгамбардын суу ичкен идиши, кылычы, бут кийими сыяктуу буюм-тайымдардан тарта алтынчы кылымдан баштап, азыркы мезгилге чейинки тарыхый-архитектуралык эстеликтер көргөзмөдө камтылган. 

Автор бул сүрөттөрдүн үстүндө 2009-жылдан бери эмгектенип келген. Айтымында, сүрөттөр - жарандарды чыгыш маданиятын, анын ичинде исламды терең түшүнө билүүгө үндөйт. Быйылкы тарых жана маданият жылына карата уюштурулган көргөзмөдөгү сүрөттөр негизинен живопись жанрында.