Жаңылыктар
Туризмди өнүктүрүүнү аялдарсыз элестетүүгө мүмкүн эмес
Экономика
Туризмди өнүктүрүүнү аялдарсыз элестетүүгө мүмкүн эмес

Кыргызстандын экономикасында аялдардын орду чоң. Алар тигүү, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармагында негизги салык төлөөчүлөр. Туризмди өнүктүрүүнү аялдарсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте өткөн "Дүйнөлүк аял ишкерлердин күнүнө" карата өткөн форумда билдирди.

Форум “Курак” аялдар биримдиги тарабынан уюштурулду. Иш-чарага 500гө жакын Борбор Азиянын ишкер аялдары чогулуп, бизнести жаңыча жүргүзүү үчүн билимди өркүндөтүү жана кызматташуунун аянтын кеңейтүү маселелерин талкуулады.

Эксперттер дүйнөлүк алкакта ИДП көлөмүндө аял ишкерлеринин үлүшү жыл санап өсүп жатканын белгилеп, бул тенденция Кыргызстанга да таандык экенин айтууда.

Кененирээк аудиодон укса болот.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"